Денис Петрашов АКШдагы чемпионатта рекорд жаратты

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов АКШдагы чемпионатта рекорд койду.

Бул тууралуу Кыргызстандын сууда сүзүү федерациясынан билдиришти.

Петрашов брасс түрү менен 200 метр аралыкты 1:50:51 секундда сүзүп, алтын медалга татыды.

Буга чейин спортчу экинчи орунга илинген.