Токтогулдагы суунун көлөмү 8,4 млрд куб метрге чейин азайды

Токтогулдагы суунун көлөмү 8 миллиард 433 миллион куб метрди түздү.

Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 146 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 600 куб метр болууда.

Энергетиктер элди электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.