Бишкекте эмки айда 160 миңден ашык жоогазын гүлдөйт

Бишкекте эмки айда 160 миңден ашык жоогазын гүлдөйт.

 

“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, гүлдөр ордо калаанын клумбаларына өтүп кеткен жылдын ноябрь айында тигилген.

 

Жаздын символу болгон жоогазындар апрелде гүл ачып, шаарды көрккө бөлөйт. Ишкананын кызматкерлери ордо калаа тургундарынан жана конокторунан гүлдөрдү тебелебей, жулбай, аяр мамиле кылууну суранат.