Кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу кезектеги жолугушуу Душанбеде өтөт.
Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, эки өлкөнүн жумушчу топтору 10-16-март күндөрү жолугат.
Белгиленгендей, Бишкектен Тажикстандын борборуна барчу топтун курамы бекиди жана анын башчысына өкмөттүн чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев дайындалды.
Эске салсак, буга чейинки кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрү 3-9-февраль күндөрү Бишкекте өткөн.