Кыргыз-тажик чек арасы боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр жыйынтыкталды

Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр жыйынтыкталды.

Өкмөттөн билдиришкендей, тараптардын достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөн жолугушуусунун жыйынтыгында тиешелүү протоколдорго кол коюлду.

Жумуш топторунун кезектеги жолугушуусу Тажикстандын аймагында өтөт.

Белгилеп кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган.

Учурда 664 чакырым боюнча орток пикир бар экени айтылып келет.