Жалал-Абадда 1 миң 160 үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт

Жалал-Абадда 1 миң 160 үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, облустагы кооптуу аймактарда жашагандарга жер которуу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Сел, жер жана кар көчкү сыяктуу табыгый кырсыктар болушу мүмкүн болгон аймактардан кетүүнү каалабагандар мажбурлоо ирээтинде көчүрүлүшү мүмкүн.