Евровидениенин финалдык билеттери 36 мүнөттө сатылып бүттү

Ливерпульда май айында өтө турган Евровидение-2023 ыр сынагынын финалына билеттер 36 мүнөттө сатылып бүттү.

Чоң финалдын билеттери 200 доллардан 450 долларга чейин бааланды.

Былтыр Италиядагы сынакта украиналык топ жеңген.

Англия экинчи орунду ээлеген.

Адатта кийинки жарыш уткан өлкөдө өтүшү керек.

Бирок согуштан улам иш-чараны Украинанын атынан уюштуруу милдети Британияга берилген.

Европа телерадиоберүү бирикмеси Евровидение сынагын 67 жылдан бери такай уюштуруп келатат.