Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусунда кар көчкү түшүүcү мүмкүн.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалар ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.