Кыргызстанда 1-апрелден тарта ОСАГО полиси жок юридикалык жактарга айып салынышы мүмкүн

Кыргызстанда 1-апрелден тарта ОСАГО полиси жок юридикалык жактарга айып салынышы мүмкүн. Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

 

Ага ылайык, ушул жылдын 1-апрелинен тарта ОСАГО полиси жол инспекторлоруна милдеттүү түрдө көрсөтүлө турган документтердин тизмесине киргизилет.

 

Ал эми физикалык жактарга полис жок болсо айып салуу талабын  2024-жылдын 1-январына чейин жылдыруу сунушталды.