Өлкөдө кошумча нарк салыгын көзөмөлдөөнүн автоматташтырылган системасы ишке кирди.
Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Андан такташкандай, эми КНС боюнча отчётторго, электрондук эсеп-фактураларга жана товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуучу тарабынан таризделген баштапкы документтерге салык инспекторлору кийлигише албайт.
Тактап айтканда, ага система өзү автономдук режимде талдоо жүргүзөт.