Ысык-Көлдү таштандылардан тазалоо иштери башталды

Ысык-Көлдө көлдүн астындагы таштандыларды тазалоо иштери башталды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, иш-чара КР президентинин администрациясынын өкүлү, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Илияз Иманбетов баш болгон тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда өткөрүлүүдө.

 

Белгиленгендей, өнөктүк КР президентинин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле Ысык-Көлдүн флорасын жана фаунасына коркунуч туудурган суу алдындагы таштандылардан, балык уулоочу торлордон көлдүн акваториясынын булганган тилкелерин тазалоо жана суучулдук изилдөө боюнча иш-чараларды жүргүзүү максатында Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ысык-Көл (мурдагы Маяк) айылында расмий иш-чара башталды.