БШК жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдү акыркы тизмесин жарыялады

БШК жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдү акыркы тизмесин жарыялады.

 

Ага 71 миң 884 жаран киргизилди. Тизмелер  “Тизме” мамлекеттик порталына жана аймактык шайлоо комиссияларында илинди.

 

Добуш берүүчүлөр өздөрүн 1255 жана 119 кыска номерлери боюнча 24-мартка чейин тактап алышы керек. Кандайдыр бир катачылыктар аныкталса, арыз менен аймактык комиссияга кайрылуу зарыл. Эске салсак, Чүй, Нарын, Баткен, Ош жана Талас облустарында жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо 9-апрелде өтөт.