Чүй, Ош жана Нарын облустарында “Тилектештик автобусу” аталышындагы акция башталды.
Юстиция министрлиги билдиргендей, ал 25-мартка чейин уланат. А
кциянын алкагында аймактардын тургундары пенсия, жөлөкпул, паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана башка документтерди алуу боюнча маалымат ала алышат.
Жарандарды кабыл алуу административдик, агартуу, коомдук жана профилактикалык борборлордо жүргүзүлөт.