Соцфонд пенсиянын минималдуу өлчөмүн көбөйтүүнү пландоодо

Социалдык фонд пенсиянын минималдуу өлчөмүн айына 3 миң 170 сом деп бекитүүнү пландоодо.

Мекеме жетекчиси Бактияр Алиевдин айтымында, өзгөртүүлөр кабыл алынса, 53 миң адамдын пенсиясы көбөйөт.

Мындан тышкары, пенсияларды каттоону жөнөкөйлөштүрүү жана аларды мөөнөтүнөн мурда каттоого тыюу салуу сунушталууда.

Алиев белгилегендей, жыл сайын 55 миңге жакын кыргызстандык ай сайын төлөмдөрдү мөөнөтүнөн мурда каттатышат, алардын дээрлик 90 пайызы айлыкты да, пенсияны да алган мамлекеттик кызматкерлер.