Бишкектин мэрин түз шайлоо боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты.
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитети тиешелүү документти биринчи окууда жактырды.
Демилгечилер мыйзам кабыл алынса, мэрликке талапкерлер программа жазып эл кыдырарын айтышты.
Эске салсак, мурда шаар башчыларын жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлачу.
2021-жылы мыйзам өзгөртүлүп, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин президент, райондук маанидеги шаарчалардын башчысын аким дайындап калган.