Бишкектин айрым жерлеринде 16-мартта суу берүү токтотулат

Бишкектин айрым жерлеринде 16-мартта суу берүү токтотулат.

Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 8ге чейин Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен чектелген аймакта, ошондой эле Алтын Ордо, Кара-Жыгач, Полиция шаарчасы конуштарында суу өчүрүлөт.

Мунун себеби суу түтүк тармактарын оңдоого байланыштуу.

Жарандар ичүүчү сууну эртелеп камдап алышы зарыл.