Социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу, шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарын көрктөндүрүү максатында 18-мартта өлкөнүн жогорку жетекчилигинин катышуусу менен республика боюнча ишембилик өтөт.
Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматы кабарлады.
Иш-чарага бардык аймактарда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин кызматкерлери катышат.
Кыргызстанда жаз алды менен ишембилик өткөрүү салтка айланган.
Ага президент баш болгон мамлекет жетекчилери катышат.