Бишкектин айрым мектептеринде коңгуроонун ордуна комуз күүсү жаңырат. Мэриядан билдиришкендей, долбоордун максаты – окуучуларда мекенин таанып, сүйүү сезимин калыптандыруу.
Белгилүү комузчулар Нурак Абдрахманов, Асылбек Насридинов жана Закирбек Дүйшөналиевдин аткаруусундагы күүлөр №3, 51, 93, 95, 96, 97, 99, 100 мектептерде кагылып баштады.