Кыргызстанда пенсияны каттоо үчүн бир гана паспорт талап кылынышы мүмкүн. Тиешелүү норма жаңы пенсиялык реформага киргизилгенин соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.
Анын айтымында, 1996-жылдан тарта ведомство ар бир жарандын жеке каттоосун жүргүзү келет, андыктан, эми ар кайсы жерден ар түркүн маалымкаттарды чогултуунун кереги жок. Мындай жаңы эрежелер кийинки жылдан тарта киргизилет.