Россиялык компаниялар Ысык-Көлгө түз аба каттамдарын жандантууда.
Туроператорлор ассоциациясынан билдиришкендей, бул сезондо Москвадан Чолпон-Атага түз каттамдарды эки компания кое берет.
Өткөн жылга салыштырмалуу, жайкысын учуулардын саны көбөйтүлөт. Алсак, компаниялардын бирининин каттамдары күн сайын аткарылса, дагы бири жумасына 4 ирет аткарат. Андан тышкары, рейстер мурдагыдай июнда эмес, апрель-май айларында эле башталат.