Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөдө төмөн көрсөткүч менен мектептер университеттерге бекитилет. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, жогорку окуу жайлар аларга методикалык колдоо көрсөтөт.
Алсак, химия боюнча Медициналык академия, физика жана математика боюнча – Техникалык университет, тарых боюнча – Кыргыз улуттук университети жардам берет.
Андан тышкары, ЖРТда төмөн жыйынтык алган мектептердеги математика, физика, химия, биология сабактарынын мугалимдерине квалификациясын жогорулатуу боюнча курстар уюштурулат.