Мелис Тургунбаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин Жогорку Кеңеш 16-марттагы жыйынында колдогон. Министрликти буга чейин жетектеп келген Динара Кутманова 15-мартта кызматынан бошотулду.