Асман шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция президенттин иш башкармалыгына өткөрүлдү. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жаңы шаар 10 жылдын ичинде курулуп, асмандан караганда ал улуттук музыкалык аспап – комузду чагылдырат.
Эске салсак, бийлик Балыкчыга жакын жерде “Асман” деп аталган шаар курууну көздөп жатат.
Анда дээрлик 500 миң адам жашайт деп болжолдонууда, бул Ысык-Көл облусунун калкынан көп. Долбоорду ишке ашыруу үчүн болжол менен 20 миллиард доллар керектелет.