Баткен облусунда дагы 35 үйдүн курулушу жыйынтыкталды

Баткен облусунда дагы 35 үйдүн курулушу жыйынтыкталды. Бул тууралуу президент администрациясынын саясаттык маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

 

Анын айтымында, жаңы турак-жайлардын ээлерине ошондой эле 100 миң сомдон тапшырылды.

 

Андан тышкары, бул жума ичинде дагы 15 имарат колдонууга берилет. Эске салсак, жалпысынан өткөн жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 600дөн ашык үй талкаланган. Аларды калыбына келтирүүгө бюджеттен 1 миллиард сомдон ашык бөлүнгөн.