Кыргызстанга унаа ташуу көрсөткүчү 2,5 эсе өстү

Кыргызстанга унаа ташуу көрсөткүчү 2,5 эсе өстү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында өлкөгө 14 миң 885 машине импорттолду.

 

Ал эми өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгында Кыргызстанга ташылган унаалардын саны 5 миң 600дү түзгөн.

 

Эң көп транспорт Түштүк Кореядан келди – 5 миң, Грузиядан – 2,5 миң, Россиядан 1 миң 700 жана Кытай, АКШдан 1 миңден ашык унаа жеткирилди.