Тайырбек Жумашбек уулу Казакстанда өткөн Азия чемпионатында эркин күрөштөн алтын медалга ээ болду.
Ал 61 кг салмакта турнирдин чейрек финалында япониялык балбанды 4:1 эсебинде утса, жарым финалда ирандык спортчуну 11:2 эсебинде артта калтырды. Алтын үчүн кармашта кыргыз балбаны кытайлык Лю Минхуга каршы килемге чыгып, атаандашын 4:2 эсебинде жеңип, чемпион аталды.
Азия чемпионатында Кыргызстандын куржунунда жалпы 13 медаль топтолду.