Кара-Балта шаарында үч күн газ болбойт.
«Газпром Кыргызстан» компаниясынын маалыматына караганда 17-апрелден 19-апрелге чейин «Кара-Балта» газ бөлүштүрүүчү станциясында оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Абоненттер бул убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарына өтүшү керек.