Кыргызстанга Кытайдан электр унааларын жеткирүү көбөйүүдө

Кыргызстанга Кытайдан электр унааларын жеткирүү көбөйүүдө. Аталган өлкөнүн бажы башкармалыгы берген маалымат боюнча, ушул жылдын биринчи кварталында Кыргызстанга 996 электр кубаты менен жүргөн жаңы муундагы машинелер ташылган.

 

Бул өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу 9 эсе көп. Импорттолгон унаалардын жалпы баасы 29 миллион доллардан ашат.