Баткенде өндүрүштүк-логистикалык борбор ачылды

Баткенде өндүрүштүк-логистикалык борбор ачылды. Аны БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Россия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке киргизди. Борбор Кыргызстандын улуттук мектеп тамактануу программасын жакшыртуу менен алектенет.

 

Логистикалык борбор жашылча сактоого ылайыкталган кампа жана изотермикалык техника, кайра иштетүү комплекси жана мектептердеги айыл чарба продукциясынын сапатын текшерүү үчүн мобилдик лабораториядан турат.