Токтоп турган ишканаларды жанданткандар 5 жылга салыктан бошотулат

Кыргызстанда токтоп турган ишканаларды жанданткандар 5 жылга салыктан бошотулат. Novosti.kgге Экономика жана соода министринин орун басары Айнура Үсөнбекова билдиргендей, тиешелүү өзгөртүү Салык кодексине киргизилди.

 

Маалыматка ылайык, мындай чечим инвестициялык, улуттук, регионалдык долбоорлорго тиешелүү болот. Бул боюнча жалпы жобо жакында бекитилет.

 

Кошумчаласак, ишкерлер 5 жылга салыктан жеңилдик алган күндө деле ишмердүүлүгү боюнча мамлекеттик органдарга отчет берип турат.