Бишкектеги жаңы конушка тез жардам станциясы курулат

Бишкек мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы тез жардам станциясынын курулуш иштерине тендер жарыялады.

 

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, пландалып жаткан сумма 14 млн 676 миң 313 сомду түзөт. Сынактык билдирүүлөрдү берүүнүн мөөнөтү 23-майга чейин белгиленди.

 

Аталган объект «Ак-Ордо» конушунун Ашар көчөсүндө жайгашат.