Кыргызстанда акча которуулар жөнөтүлгөн валютада кабыл алына баштайт

Эртеңден тарта Кыргызстанда акча которуулар жөнөтүлгөн валютада кабыл алына баштайт.

 

Эске салсак, өткөн жылдын апрель айында өлкөгө келген каражатты жөнөткөн мамлекеттин валютасында же сом менен гана алууга болот деген эреже киргизилген. Алсак, Казакстандан которуу доллар менен болсо, анда аны сом же теңге менен гана алууга болчу.

 

Улуттук банктын маалыматына караганда, учурда валюта рыногунда абал турукташып, банктарда накталай доллар жетиштүү.