Жаңы окуу жылынын башталышы менен жол инспекторлору мектептердин жанындагы көзөмөлдү күчөттү

Жаңы окуу жылынын башталышы менен жол инспекторлору мектептердин жанындагы көзөмөлдү күчөттү. Өлкөнүн бардык аймактарында “Көңүл бургула, балдар” акциясы башталды.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, билим берүү мекемелеринин жанындагы көчө кесилиштерде инспекторлордун посттору уюштурулду. Акция окуучулардын катышуусу менен жол кырсыктарын алдын алууга багытталат.