Кыргызстандын түштүгүндө эки жолу жер титиреди

Кечээ Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында эки ирет жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 30-июль күнү саат 16:20да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Сузак районунун Кызыл-Туу а/а Аркыт айылында жана Кара-Суу а/а Кызыл-Көл айылында 3 баллга чейин сезилген.

 

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 

«Ошол эле күнү саат 17:08де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кара-Калжа районунун Сары-Булак айылында жана Көл тилкесинде 3 баллга чейин сезилген. Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок», — деп айтылат маалыматта.