Бишкек-Ош унаа жолу аркылуу кышкы дөңгөлөктөрү жок кичиавтобустар жана минивэндер менен жүргүнчү ташууга тыюу салынды.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, чектөөлөр 2024-жылдын 1-майына чейин киргизилди. Мындай чечим кыш мезгилинде унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында кабыл алынган.
Учурда автобекеттерде түшүндүрүү иштери жүрүүдө.