Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жана Каракол – Эңилчек унаа жолдорунда кар массасы түшүшү мүмкүн.
Айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.