Кыргызстанда айрым жолдор убактылуу жабылды

Кыргызстанда айрым жолдор убактылуу жабылды. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Ысык-Көл облусундагы Түп-Кеген унаа жолунун Каркыра бөлүгү, Боз-Шахта-Жыргалаң аймагы, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк-Ашуусунда бардык унаалардын каттамына чектөө коюлду.

 

Ош облусунун Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолун тазалап жатышат.

 

Ал эми Сосновка посту, Ош-Сары-Таш-Иркештам унаа жолундагы Чыйырчык ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди.