Кийинки жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 66 млрд сом багытталат

Кийинки жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө 66 млрд сом жумшоо пландалууда. Бул тууралуу Каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

 

Анын айтымында, быйыл милдеттенмелерди төлөөгө 53 млрд сом каралган. Бүгүнкү күндө анын 49 млрд сому төлөнгөн.

 

Каржы министрлиги кийинки жылдын бюджет саясатын профицит менен түздү. Бул кошумча каражат тартпастан карызды төлөөгө негиз түзөт, — деп белгиледи министр.