Кыргызстанда бюджеттик каражаттын эсебинен мамлекеттик сатып алууларда мындан ары тендер өткөрүлбөйт. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Документти Жогорку Кеңеш 29-июнда кабыл алган.
Мыйзам мамлекеттик сатып алууларды өркүндөтүү жана оптималдаштыруу, коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу максатында иштелип чыкканы айтылат.