Бишкек мэриясы башаламан соода менен күрөштү улантууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, Октябрь акимчилигинин кызматкерлери Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте Орто-Сай базарынын айланасында рейд жүргүзүп, 40 башаламан соода түйүнүн жойду.
Мындан сырткары, өрт коопсуздугун чыңдоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындай рейддер Орто-Сай базарында, Ынтымак-2 эс алуу багында, Көк-Жар кичирайонунда жана Сүйөркулов, Юнусалиев көчөлөрүндө өткөрүлдү.