Кыргызстан өтүп кеткен жылы 2,5 миллиард киловатт-саттан ашык электр энергиясын импорттоду

Кыргызстан өтүп кеткен жылы 2,5 миллиард киловатт-саттан ашык электр энергиясын импорттоду. Бул маалымат Улуттук статистика комитетинин сайтына жайгаштырылды.

 

Импорттун жалпы баасы 80 миллион долларга барабар. Кубаттуулуктун басымдуу бөлүгү Түркмөнстандан келген – 1 миллиард 602 миллион киловатт саат, андан кийин Казакстан, Россия жана Өзбекстан турат. Эске салсак, Кыргызстан Россиядан биринчи ирет былтыртан тарта импорттой баштады.