Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде калтырды. Бул тууралуу өлкөнүн башкы каржы мекемесинин расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.
Анын айтымында, чечим бүгүн, 30-январдан тарта күчүнө кирет.
Эсептик чен инфляцияны ооздуктоочу негизги каржылык каражаттардын бири. Ал жогоруласа инфляциялык процесстер акырындайт, бирок экономикалык өнүгүү темпи төмөндөйт.