Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылы 249 миллиард 404 миллион сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылы 249 миллиард 404 миллион сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту.

 

Ведомстводон билдиришкендей, белгиленген план 3 миллиард сомго ашык аткарылган. 2022-жылга салыштырмалуу 41 миллиард сомго көп жыйналды.

 

Жакшы жыйынтыктарга кассалык-көзөмөл аппараттарын, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларды жана башка санариптештирүү долбоорлорун киргизүү жана колдонуу алып келди, — дешет Мамлекеттик салык кызматынан.