Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 31-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында, ошондой эле ашууларда кар көчкү түшүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңушу күтүлөт.

 

Унаалар ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.