Бишкекте жыл башынан бери күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча 300дөн ашык протокол түзүлдү. Мэриянын маалыматына караганда, айып пулдун жалпы суммасы дээрлик 2 миллион сомду түздү.
Маалым болгондой, жакында Биринчи Май районунун акимиаты салык кызматы менен биргеликте Профсоюзная көчөсүндө рейд жүргүзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында АИ-92 үлгүсүндөгү 200 литр бензин алынып, төрт протокол түзүлдү.
Мэрия айдоочуларды көчөдөн күйүүчү май сатып албоого чакырат.