Кызыл-Кыя шаарына эки футбол аянтчасын куруу пландалууда

Кызыл-Кыя шаарына эки футбол аянтчасын куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, аянтчалардын биринде жасалма газон, экинчисинде табигый болот. Долбоорду жергиликтүү бийлик Кыргыз футбол союзу менен биргеликте ишке ашырат.