23-25-февраль күндөрү Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпионаты өттү. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышты.
Жеңүүчүлөргө диплом жана медалдар тапшырылды
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашты:
Спорттук жана күжүрмөн самбо (кыз-келиндер арасында): 50, 54, 59, 65, 72, 80, +80 кг;
Спорттук жана күжүрмөн самбо самбо (эркектер арасында): 58, 64, 71,79, 88, 98, +98 кг.