“Ак-Тилек” бекетинде жүк ташуучу унаалардын кезеги бүгүн да байкалууда

Кыргыз-казак чек ара тилкесиндеги өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатат. Бирок “Ак-Тилек” бекетинде жүк ташуучу унаалардын кезеги бүгүн да байкалууда, — деп билдиришти Novosti.kgге УКМКнын Чек ара кызматынан.

 

Маалыматка ылайык, мунун себеби жүктөрдүн агымы көбөйгөндүгүнө байланыштуу.

 

Соңку маалыматка ылайык, аталган пункта 400дөн ашуун жүк ташуучу унаа казак тарапка өтө албай турат.