Генералдык прокуратура тергөө функциясынан ажыратылат

Генералдык прокуратура тергөө функциясынан ажыратылат. “Прокуратура жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү Жогорку Кеңеш үч окууда жактырды.

 

Ага ылайык, Генералдык прокуратуранын тергөө функциялары УКМКга, Ички иштер министрлигине жана Аскердик прокуратурага өткөрүлөт. Мындай өзгөрүүлөр мыйзамга президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.