Кыргызстанда байланыш операторлорунун абоненттерин каттоонун жаңы эрежелери киргизилүүдө

Кыргызстанда бардык байланыш операторлорунун абоненттерин каттоонун жаңы эрежелери киргизилүүдө. Бул токтомду Министрлер кабинети былтыр сентябрда кабыл алган жана ал 26-марттан тарта күчүнө кирет.

 

Ошентип, 1-апрелден баштап SIM-карта сатып алууда мобилдик оператордун тиркемесинде аны адам өз атына каттатуусу керек. Бул үчүн паспорт талап кылынат.

 

SIM-картаны каттоодон өткөрбөгөн абонент чектелген кызматтарга гана ээ болот. Мурда айтылгандай, мындай чаралар жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл.